Астанада
«Борбор Азия - Кытай» саммити өттү. Жыйынга
Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайдын
жетекчилери катышты. Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара ишениминин
жана жалпы аракеттеринин натыйжасында коңшулук мамилеге, достук, колдоого
таянган кызматташтыктын модели түзүлгөнүн
белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, болгон
мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү Кытай менен интенсивдүү жана өз ара пайдалуу
кызматташууга жаңы дем берет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Борбор Азия
мамлекеттеринин ички дүң өнүмүнүн
көлөмү жарым триллион долларга жакындап калды. Акыркы беш жылдын ичинде аймакта
товар жүгүртүү кыйла көбөйүп, 10 миллиард доллардан ашты. Өткөн жылы биздин
аймактын Кытай менен тышкы соодасы болжол менен 40 пайызды түзүп, 95 миллиард
долларга жетти. Бул
рекорддук чек. Аталган көрсөткүчтүн
46% Казакстанга туура келет. Өлкөнүн Кытай менен товар жүгүртүүсү 44 миллиард
долларга жетти.
Кытай
инвестициялары Казакстандын экономикалык өсүшүнүн маанилүү бөлүгү болуп калды.
Кытай Эл Республикасынын өлкөгө капиталдык
салымдардын жалпы көлөмү 26 миллиард доллардан ашты. Казакстанда кытай
капиталынын катышуусунда 5 миңге жакын ишкана ийгиликтүү иштеп жатат. Бүгүнкү
күндө өлкөдө экономиканын жаңы өсүү чекиттерин аныктоо боюнча иштер
жүргүзүлүүдө. КЭР менен биргелешкен ишканаларды ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл
бурулат. Атап айтканда, жогорку технологиялык өндүрүштөр, агроөнөр жай
комплекси жаатында. Касым-Жомарт Токаев региондогу өлкөлөр менен Кытайдын
стратегиялык өз ара аракеттешүүсүнүн негизги багыттарын аныктады. Эң
маанилүүлөрүнүн бири транзиттик жана транспорттук тармак болду. Өткөн жылы КЭРден
Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу жүк ташуунун жалпы көлөмү 210 миң контейнерден
ашкан.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- «Бир алкак, бир жол» мега долбоорунун биринчи
звеносун чагылдырган Казакстан аны (Батыш Кытай – Батыш
Европа»,
Транс каспий
эл аралык транспорт каттамы жана «Түндүк-Түштүк» негизги
транспорттук коридорлору менен айкалыштырууну жактайт. Транскаспий маршрутунун тартымдуулугун
жогорулатуу үчүн биз Каспий деңизинин портторун модернизациялоо жана
санариптештирүү, жүк
терминалдарын куруу, транспорттук кемелердин өндүрүшүн жөнгө салуу боюнча
системалуу чараларды көрүп жатабыз. Каспийдин Курык портунда Кытай менен
биргелешкен жүк терминалын салуу
маселесин карап көрүүнү
сунуштайбыз.
Аймактык
туруктуулуктун негизги фактору катары Касым-Жомарт Токаев энергетика тармагындагы
өз ара аракеттенүүнү атады. Ал эми Кытайдын өзөктүк энергетиканы өнүктүрүүдөгү
ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен Казакстан бул стратегиялык тармакта
кызматташууга кызыкдар экенин мамлекет башчысы баса белгиледи. Ал Кытай менен гуманитардык
кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Казакстандын президенти 2026-2030 – жылдарга «Борбор Азия - Кытай» форматындагы узак
мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Форумдун
жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары Астана декларациясына, ошондой эле
Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана КЭР ортосундагы
түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

