Казакстан
укуктук системаны масштабдуу санариптик трансформациялоону ишке ашырууда.
Республикада юридикалык кызматтарды көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүүчү жана аларды
ачык-айкын, жеткиликтүү
кылуучу Ай-Ти
чечимдер киргизилүүдө. Алсак, Казакстанда 350 миңден ашык нотариалдык кызматтар
онлайн форматта көрсөтүлгөн. Аткаруу өндүрүшүн автоматташтырууга өзгөчө көңүл
бурулууда. Өткөн жылдын баш оона айынан тартып республикада «санариптик сот аткаруучу» долбоору иштей
баштады. Робот деп аталган карыздарды өндүрүү боюнча процессуалдык аракеттерди
өз алдынча жасайт. Аны колдонуу казакстандыктарга жеке сот аткаруучулардын
комиссиялык төлөмдөрүн алып салуу менен 1 миллиард теңгеден ашык үнөмдөөгө
мүмкүндүк берди. Соттук-талдоочулук ишти санариптештирүү үчүн Юстиция министрлиги
тарабынан Е-талдама системасы иштелип чыккан. Ал экспертизаларды дайындоонун
жана жүргүзүүнүн толук электрондук циклин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бекболат
Молдабеков, Юстиция вице-министри:
- Биздин
долбоор – е-нотарини, өткөн жылы нотариустардын дүйнөлүк палатасы да көрүүгө
келди. Биз ушундай деңгээлге жеткенбиз, бизге Европадан, нотариалдык палатадан
адамдар келип көрүшөт. Бул нерсени ишке киргизгендей эле, башка аспекттер
боюнча да, мамлекеттик кызматтар боюнча 8-орундабыз, ал эми юстиция боюнча
10-орундабыз. Санариптештирүү абдан маанилүү. Биздин негизги максат-бардыгын
мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

