Казакстанда бирдиктүү автоматташтырылган китепканалык
маалымат системасы түзүлөт. Өлкөдөгү бардык руханий азык ресурстарынын
электрондук базасын бириктирген «E-ABIS» долбоору ишке ашырылууда. Башкача
айтканда, бирдиктүү санариптик платформа тармактын ишмердүүлүгүн жөнгө салып, бир
системага келтирет. Бул тууралуу Улуттук академиялык китепкананын жетекчиси
Сенатта билдирди.
Газиза Нургалиева, Улуттук
академиялык китепкананын мүдүрү:
- Азыр иштин бардык топтому, анын ичинде каржылык колдоо да
даяр. Ал тургай методикалык нускама даяр турат. Биз бардык аймактардагы бардык
китепканалар үчүн жалпы эрежени иштеп чыктык. Эки улуттук китепкана биргеликте бул
документтердин бардыгын биздин куратордук комитетке өз тарабыбыздан жардам
берип жатабыз.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 4 миңге жакын китепкана бар. Алардын
жалпы фонду 72 миллион 600 миңден ашат.
Алардын 14 жарым миңи кол жазмалар жана сейрек басылмалар. Белгилей кетсек,
өлкөдө 2025-2027-жылдарга ата мекендик китепканаларды жаңылоо боюнча жол
картасы ишке ашырылууда. Анда тармакты санариптештирүүгө артыкчылык берилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

