Астанадагы дарактарга QR код коюлат

Астанадагы дарактарга QR код коюлат

Астанада быйыл 1 миллиондон ашык көчөт отургузулат. Ошондой эле 180ден ашык коомдук жайлар жана короолор жашылдандырылат. Астана акими Женис Касымбек мамлекет башчысын борбор калааны жашылдандыруу планы менен тааныштырды. Башкача айтканда, шаардын тарыхый көчөлөрүн, президенттик паркты, Өкмөт Үйүнүн айланасын, Есил дарыясынын жээгин, триатлон паркын жана башка объектилерди көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Негизги шаарда дарактарды документтештирүү жана санариптештирүү аркылуу эсепке алуу колго алынат. Шаар тургундары QRдун жардамы аркылуу дарак тууралуу маалымат алып, көйгөй жаралса тиешелүү органдарга кабарлай алышат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков