Түркестан облусунда республикада уникалдуу электр станциясы курулуп жатат. Ири долбоордун курулушуна 700 миллиард теңге инвестиция тартылды. 56 оор техника жана 300дөн ашык адис иштеген курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Объект келечекте 1000 МВт электр энергиясын өндүрөт. Уникалдуу долбоор тез арада ишке ашса, бир эле түштүк аймакта эмес, бүтүндөй республика боюнча электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга болот. Станция ишке киргенде 500 адам туруктуу иш менен камсыз кылынат. Заманбап электростанциянын дагы бир артыкчылыгы жаңы буу-газ турбиналык агрегаттар сууну аз сарптап, электр энергиясын көп иштеп чыгарат.
Сабит Базарбеков, жетекчи инженер:
– Азыркы учурда курулуш аянтчасында АБКны борбордук кабыл алуу обьектилери боюнча биринчи жана нөлдүк кабаттарды бетондоо жана суу тазалоо иштери жүрүп жатат. Өнөр жай суу тазалоочу насостордун казуу иштери аяктады жана биз бетондоого кириштик. Ага 56 техника жана 300дөн ашык адам тартылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков