Кытайдын Сиань шаарында «Кытай - Борбор Азия» адам укуктарын өнүктүрүүгө
арналган эл аралык форум өттү. Серепчилер өз ара алмашууну тереңдетүү жолдорун
талкуулашты. Алар экономикалык жана социалдык укуктарды ишке ашыруу элдин жашоо
сапатын арттыруу үчүн бекем негиз болорун белгилешти.
Алишер Тастанов, Президент алдындагы стратегиялык
изилдөөлөр институтунун башкы серепчиси:
- Кытайдагы
адам укуктары түшүнүгүнө ылайык, жарандардын башынан эле камсыздалышы керек
болгон укуктардын катарына экономикалык укук да кирет. Билим алуу мүмкүнчүлүгү,
туруктуу жумушуна жараша адам өзүнүн өмүрлүк баалуулуктарын калыптандыра алат.
Акыркы
жылдары Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы «С5+1» форматындагы жыйындар
тез-тез өтүп турат. Бул кызматташтыкты дагы да бекемдейт дешет жыйналгандар.
Ошондой эле, жыйын кулжа айында Астанада өткөн «Борбор Азия-Кытай» саммитинин алкагындагы
өнөктөштүктүн дагы уландысы. Форумда катышуучулар адис даярдоо темасын ар
тараптуу талкуулашты.
Сунь
Вэйдун, Кытай-Борбор Азия форматы катчылыгынын башкы катчысы:
- Биз
глобалдык өнүгүүнү, коопсуздукту жана цивилизацияны колдоодогу демилгелерди
активдүү ишке ашырып келебиз. Алдыдагы эки жыл ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн
жарандарына 3 миң билим берүү гранты сунушталат. Бул аймак мамлекеттеринин өз
алдынча туруктуу өнүгүүсүн жеткиликтүү кылууга, элдин жашоо сапатын жакшыртууга
жана өнүгүү аркылуу адам укуктарын камсыз кылууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

