Серепчинин пикири: теңгенин бүгүнкү жана эртеңки абалы

Серепчинин пикири: теңгенин бүгүнкү жана эртеңки абалы

Туруксуз рынокто күчүн жоготуп бараткан теңгенин курсу качан калыбына келет? Экономист Сапарбай Жубаев теңгенин курсу ушул деңгээлде турукташат деп болжолдоодо. Деген менен учурда улуттук валютанын куну айтарлыктай түшө элек. Бүгүн биржада соода бир аз төмөндөп, долларга карата теңге 433кө бааланды. Адистердин айтымында, ага дүйнөлүк деңгээлде өрчүгөн эпидемиялогиялык абал терс таасирин тийгизүүдө. Бул негизги тармактарды жандандырууга тоскоолдук кылат. Мунай баасынын арзандашы да теңгенин бекемделишине тоскоол болууда. Өткөн айда 6 пайызга чейин арзандаган кара алтын учурда 63 доллардан сатылып жатат. Алдыда мунайдын баасы турукташат. Тескерисинче, улуттук валютанын курсу азыркы күчүн жоготпойт, деп болжолдойт серепчи.

Сапарбай Жубаев, экономист:

- Жакын арада теңгенин курсу алсырайт же бекемделет дегенге эч кандай негиз жок. Биз, экономисттер азыркы деңгээлинде болот деп күтүп жатабыз. Улуттук банкта 34 миллиард долларлык алтын-валюта резервибиз бар. Андан кийин 60 миллиард долларлык улуттук фонд бар. Аларды сатуу менен биз бүгүн анын күчүн сактап турабыз. Ошондуктан менин оюмча, ушул 4-5 айдын ичинде доллардын курсу 433-435 теңгенин айланасында туруктуу кармалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков