Казакстан чет элге эки эсеге көп көмүр экспорттоду

Казакстан чет элге эки эсеге көп көмүр экспорттоду

Акчалай алганда өсүш 89%дан ашты. Мындай маалымат менен Energyprom.kz сайты бөлүштү. КМШ өлкөлөрүнө жалпысынан 20 миллион тоннадан ашык көмүр жөнөтүлгөн. Белгилей кетсек, Орусия казак көмүрүнүн негизги керектөөчүсү. Кыргызстан менен Өзбекстан ата мекендик өнүмдү импорттоочу үч өлкөнүн катарына кирет. Ал эми 9 миллион тоннадан бир аз ашык көмүр дүйнөнүн башка мамлекеттерине жиберилген. Тактап айтканда, Швейцария, Польша, Түркия, Латвия жана Кипр көмүрдүн эң көп бөлүгүн импорттогон. Белгилей кетсек, өткөн жылы тармакта жалпысынан 118 миллион тонна таш көмүр өндүрүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков