Ал Германиянын өзүнө жылына 500 тоннага жакын чийки зат жөнөтөт. Ишкер айым жалпысынан жылдын аягына чейин эски континентке миң тоннадан ашык камыш экспорттоону көздөп жатат.
Венера Тайлакбаева, ишкер:
- Тилди билгенимдин аркасында мен сатып ала турган жана саткан жерлердин баарын таптым. Алгач Германияга, андан кийин Нидерландыга, Данияга чыгып баштадык. Кийинчерээк Франция, Польша, Беларустан суроо-талап түшө баштады. Аларга жөнөтүп жатабыз. Эми Англия сурап жатат. Ушул тапта ал жакка да жиберели деген оюбуз бар. Баасы алтынга барабар. Казакстанда алтынды кандай бааласа, Германияда да, биздин казак камышын да алтын менен бирдей баалашат. Жакшы сапатты бардык чет элдиктер баалайт.
Мисалы, Германияда үйдүн чатыры Казакстандын камыштарынан жасалат. Экологиялык жактан таза өнүмдүн эч кандай терс таасири жок. Аба басымын нормалдуу кармап турат. Жеңил жана өрткө чыдамдуу. Венера Тайлакбаева камышты чийки түрүндө сатпай, келечекте чет элдик технологияны киргизип өлкөдө өндүрүүнү көздөөдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков