Базалык чен боюнча кийинки чечим тогуздун айынын 24үндө эмес, 26сында чыгарылат. Бул күн Казакстандын Улуттук банкы тарабынан жылдырылды. Өлкөнүн Башкы каржы институтунда түшүндүрүлгөндөй, бул өзгөртүүлөр казакстандыктар тогуздун айынын 25инде белгилей турган Республика күнүнө байланыштуу. Эске салсак, буга чейин “Казакстан Республикасындагы майрамдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков