Astana Hub эл аралык технопаркы менен Draper Universityтети биргелешкен беш жумалык акселерация программасы ишке кирди. Белгилей кетсек, Казакстандан келген долбоорлор менен катар Түркия, Кыргызстан жана Монголиянын мыкты стартаптары жаңы билим булагына ээ болушту. Бардык катышуучулар тажрыйбалуу серепчилердин элегинен өтүшкөн. Биринчи этапта 200 арыздын ичинен 80ни гана тандалып, эки жумалык онлайн тренингден өттү. Алардын ичинен 15 мыкты демилге АКШнын инновациялык борборуна жолдомо алды. Бул жерде катышуучулар атайын программанын алкагында гана билим албастан, өз долбоорлоруна инвестиция тартууга, өндүргөн өнүмүн дүйнөлүк рынокко чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат.
Абай Абсамет, ASTANA HUB эл аралык технопаркынын башкаруучу мүдүрү:
Бул негизинен ар кандай тармактарды камтыган компаниялар. Алардын ичинен жасалма интеллект жана виртуалдык реалдуулук чөйрөлөрүндө жаңы өнүмдөрдү түзүүчү долбоорлорду бөлүп көрсөтүүгө болот. Башкача айтканда, бизде жасалма интеллект тармагына багыт алган жаштар бар. 3D принтерлерди чыгарууга жана медициналык изилдөөлөр үчүн атайын жабдууларды кураштырууга байланыштуу түрдүү долбоорлор бар. Алардын бардыгынын дарамети чоң. Бир сөз менен айтканда, бүгүнкү дүйнөлүк рыноктун талабына жооп берген долбоорлор тандалып алынган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Астана хабда катталган 1100дөн ашуун компаниянын 200ү Казакстандын резиденттери эмес. Эл аралык технопарктын катышуучуларынын жалпы кирешеси акыркы беш жылда 1,2 миллиард долларды түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков