АӨБ: 2025-жылы Казакстандын экономикалык өсүшү 4,9% болот

АӨБ: 2025-жылы Казакстандын экономикалык өсүшү 4,9% болот

Азия өнүктүрүү банкы 2025-жылы Казакстандын ички дүң өнүмүнүн 4,9% өсүшүн болжолдоодо. Экономикалык өсүштүн тездешине Future Growth Expansion деңиз долбоорун ишке киргизүүдө мунай өндүрүүнүн күтүлүп жаткан көбөйүшү оң таасир этет. Серепчилердин пикиринде, өлкөдө мамлекеттик каржы башкаруу системасын бекемдөө жана өсүү темпин сактоо үчүн бюджеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу зарыл. Бул чаралар жана жеке секторду өнүктүрүүгө багытталган түзүмдүк реформалар экономиканын тышкы чакырыктарга туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн бекемдейт. буга кошумча серепчилер, өлкөдө инфляциянын деңгээлинин төмөндөшүн болжолдошууда. Алардын пикиринде, Казакстандагы катаал акча-насыя саясаты жана туруктуу валюта курсу баалардын өсүшүнө тоскоол болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков