Казакстанда быйыл 300дөн ашык долбоорду ишке киргизүү көздөлүүдө

Казакстанда быйыл 300дөн ашык долбоорду ишке киргизүү көздөлүүдө

2022-жылдын беш айында негизги капиталга инвестициянын жалпы көлөмү 4 триллион теңгеден ашты. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,5%га көп - деп билдирет өлкөнүн Улуттук экономика министрлиги. Инвестициялардын өсүшү өзгөчө билим берүү, социалдык камсыздоо, илимий-техникалык ишмердүүлүк сыяктуу тармактарда байкалат. Эң жакшы көрсөткүчтөр Шымкент, Алматы жана Акмола облустарында. Мындан тышкары, инвестициялык жигердүүлүктү жогорулатуу жана бизнести тартуунун алкагында долбоорлордун бирдиктүү пулу түзүлдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал 25 триллион теңгеге жакын 765 сунуштан турат. Алардын ичинен быйыл 3 триллион теңгеден ашык суммага 300дөн ашык долбоорду ишке киргизүү көздөлүүдө. Чет элдик компаниялардын катышуусу менен 40 долбоор ишке ашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков