Орусия президентинин Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын серепчилер талкуулоодо. Анын натыйжасы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн өзгөчө маанисин жана казак-орус мамилелеринин тарыхындагы маанилүү этапты көрсөтөөрүн белгилешет. Мамлекет башчылары көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары боюнча маанилүү макулдашууларга жетишти.
Еркин Тукумов, Президентке караштуу Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун
мудүрү:
- Бул сапарга эки өлкөнүн өкмөттөрү бир топ убакыт даярданышканы көрүнүп
турат. Ал эми күн тартибинде көптөгөн документтер – стратегиялык өнөктөштүктү
тереңдетүү боюнча, энергетика, транспорт, гуманитардык тармактар боюнча да, буга
кошумча Орусияда казак мектептеринин
филиалдарын ачуу, университеттердин филиалдарын ачуу боюнча да болду. Бул абдан
узак иш, ошондуктан иш сапар ийгиликтүү өттү деп ойлойм. Бул эки тараптуу мамилелердин
келечеги үчүн чоң негиз болуп саналат.
Орусиялык серепчилердин пикири боюнча, өлкөлөр ортосундагы жакшы коңшулук
мамилелер өнөр жайдын түрдүү тармактарында ийгиликтүү кызматташууну түзүүгө
мүмкүндүк берди. Соода-экономика, энергетика, суу тармактарында чоң келечектер ачылууда.
Ошондой эле, тараптар
маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө багытталган маселелерге
көңүл бурду.
Станислав Причин, Орусия илимдер академиясынын дүйнөлүк экономика жана эл
аралык мамилелер институтунун Борбор Азия аймагынын башчысы:
- Мамлекеттик сапар абдан жемиштүү болду. Мен келишимдердин бирин өзүнчө
бөлүп атагым келбейт. Анткени алардын бардыгы тигил же бул даражада биздин
кеңири эки тараптуу күн тартибине таасирин тийгизет. Бул жерде дагы бир жолу айта кетейин, энергетика
эң жаңы бурулуштардын бири. Атырау жана Самара эки куур аркылуу
Казакстандын мунайын Орусиянын аймагы аркылуу транзиттөө боюнча да өз ара
аракеттешүүбүз бар. Азыр биз газ транспорт системасы боюнча кызматташтыкты
кеңейтип жатабыз. Анын үстүнө, ал да системалуу түрдө иштейт, бул Казакстандын аймагы
аркылуу газдын транзити эле эмес, газ бөлүштүрүүчү тармактардын өнүгүшүнө да өбөлгө
болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

