Казакстандын Президенти стратегиялык инфраструктуранын коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды

Казакстандын Президенти стратегиялык инфраструктуранын коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды

Казакстандын президенти премьер-министрге, күч органдарынын жетекчилерине, «Самрук-Казына» фондуна, улуттук компанияларга жана аймактардын акимдерине аэропортторду жана портторду кошо алганда, турмуш-тиричиликти камсыздоочу, транспорттук, энергетикалык жана коммуналдык инфраструктура объекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Ишти координациялоо Коопсуздук кеңешинин катчысына жүктөлдү. Бул тууралуу Казакстандын президентинин кеңешчиси – маалымат катчысы Айбек Смадияров өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков