Ерлан Карин Казакстандын Президенттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койду. Документ Акорданын сайтында жарыяланды. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Ерлан Карин мамлекеттик кеңешчи кызматын аркалап келген. Акыркы жылдары ал мамлекет башчысынын жардамчысы да болуп иштеген. Жаңы кызматта ал Президенттик Администрациянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын жетектейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

