Президент Касым-Жомарт Токаев Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын
төрагасы Махмадтоир Зокирзода менен жолугушту. Мамлекет башчысы казак-тажик
мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн белгилеп өттү. Касым-Жомарт Токаев союздук
мамилелер жөнүндө келишимге кол коюуга көңүл буруп, бул эки тараптуу
кызматташтыктын таптакыр жаңы этабынын башталышы болорун белгиледи. Махмадтоир
Зокирзода дагы парламенттер аралык интеграцияны мындан ары бекемдөөгө, келишимдик-укуктук
базаны кеңейтүүгө күч-аракет жумшоого даяр экенин ырастады. Ошондой эле
Казакстан Тажикстандын ишенимдүү досу, стратегиялык өнөктөшү экенине көңүл
бурду.
Касым-Жомарт
Токаев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту
Касым-Жомарт
Токаев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен да жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн көп кырдуу
интеграциясын жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди. Тажикстандын
өкмөт башчысы мамлекет башчыларынын өз ара сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга
жеткирүү тапшырмасы аткарыла турган милдет экенин баса белгиледи. Тараптар
макулдашылган келишимдерди толук ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалашты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков