Президент Евразиялык экономикалык форумга катышты

Президент Евразиялык экономикалык форумга катышты

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы экономикалык потенциалы 2,6 триллион долларды түзөт. Өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү 98 миллиард долларга жеткен. Бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Минскиде өткөн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында билдирди. Бүгүнкү күндө уюмдун эл аралык аброю жогорулады. Ал дүйнөлүк экономикалык системанын маанилүү предметине айланууда. Эми каалаган натыйжага жетүү үчүн компромисске келип, чогуу иштешибиз керек. Заманбап чакырыктар бизден экономиканы өнүктүрүүгө жаңыча мамиле жасоону талап кылат. Мында санариптик технологиялар чоң роль ойнойт, - деди президент. Дүйнөдө жасалма интеллект тармагындагы атаандаштык күч алууда.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- «Албетте, ар кандай технологиялык революция сыяктуу эле, жасалма интеллекттин да тобокелчиликтери жок эмес. Технологияга бирдей жеткиликтүүлүк, салттуу жумуш орундарынын кыскарышы, санариптик автономиянын чектелиши, глобалдык санариптик монополияга көз карандылык сыяктуу тобокелдиктер бар. Бул процессти жогорку өнүккөн өлкөлөрдүн чакан тобу жетектеп, калган дүйнө артта калышы мүмкүн. Менимче, ЕАЭБ бул процесстин башында болууга тийиш, же жок дегенде биз артта калбашыбыз керек».

 

Президент Казакстандын келерки жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке төрагалык кылуусунун алкагындагы жыйындардын бирин жасалма интеллектти өнүктүрүүгө арноону сунуштады. Ал бул маанилүү тармакта анын потенциалын чыңдоо боюнча республикада жүргүзүлүп жаткан чараларга токтолду. Казакстан жакын арада жогорку эсептөө кубаттуулугуна ээ суперкомпьютерди ишке киргизет. Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кеңеш да түзүлдү. Тармактык мыйзамды кабыл алуу пландалууда. Жаңы муундагы адистерди даярдоо максатында эл аралык билим берүү мекемелери жана илимий борборлор менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурулат. Ошону менен бирге мамлекет башчысы Орусиянын жетекчилигине Москва инженердик физика институтунун филиалын биздин өлкөдө ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- «Быйыл Астанада Alem.AI эл аралык жасалма интеллект борбору ачылат. Биз CryptoCity деген жаңы типтеги эксперименталдык аймакты түзө баштадык. Ал криптовалюта чөйрөсүндөгү дүйнөлүк серепчилер чогула турган борборго айланат. Пилоттук долбоордо санарипти кеңири жайылтууга байланыштуу укуктук жана технологиялык чечимдерди сынап көрөбүз. Жалпысынан Казакстан кызматташууга ачык. Биз ЕАЭБ өлкөлөрүн биргелешип инновациялык кластерлерди, технопарктарды жана стартап-инкубаторлорду ишке киргизүүгө чакырабыз. Ал жактагы илимий изилдөөлөр жана технологиялар кийинчерээк ийгиликтүү коммерциялык долбоорлорго айланышы мүмкүн».


Өнүккөн санариптик технологиялар өз ара соода-экономикалык кызматташууга жаңы дем берет. Касым-Жомарт Токаевдин пикири ушундай. Бул багытта зор потенциал бар. Эң негизгиси, биримдикке кирген мамлекеттер прагматикалык жана ыкчам аракет кылышы керек. Ал эми Казакстан экономикалык интеграцияны мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. «Биз натыйжалуу, ачык жана гүлдөп өнүккөн Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү үчүн системалуу түрдө биргелешип иштөөгө даярбыз, - деди президент.

Которгон: Назира Бегалиева