Казакстанда суперкомпьютердик кластерди түзүү маселеси Presight.AI компаниясынын башкарма төрагасы Томас Прамо-тед-Хам менен талкууланды. Касым-Жомарт Токаев өлкөдө санариптик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана алдыңкы технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар биргелешкен долбоорлорго катышууга жана технологияларды локалдаштырууга казакстандык компанияларды тартууга өзгөчө көңүл бурушту. Жолугушууда Астанадагы Smart city долбоорунун келечеги да талкууланды. Казакстандын президенти борбор калаадагы кызматтардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шаардык инфраструктураны башкарууга жасалма интеллектти киргизүү идеясын колдоду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

