Олжас Бектенов акимдерге калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырды

Олжас Бектенов акимдерге калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырды

Казакстанда суу ташкынын туу чокусу болуп өттү. Бирок, Жайык дарыясындагы суунун деңгээли сакталып турган шартта, табигый кырсыкка каршы иштер Атырау облусунда улантылууда. Жээкти коргоочу дамбаларды бойлото 24 сааттык күзөт уюштурулган. Суу ташкынынын абалы туруктуу болгон аймактарда анын кесепеттерин жоюу боюнча комиссиялар иштеп жатат. Жалпысынан республиканын суу ташкынынан жапа чеккен бардык аймактарда 60 миңден ашуун казакстандыктар үйлөрүнө кайтып, 26 миң 651 үй-бүлө 10 миллиард теңгеден ашык бир жолку төлөмдү алды. Ошондой эле  бузулган үйлөрдүн ордуна курулган турак-жайга жана батирлерге 239 үй-бүлө көчүп кирсе, 6 облуста жабыркаган жарандар үчүн 794 жаңы үй курулууда. Бул тууралуу жабыркаган облустардын акимдери жана алар көзөмөлдөгөн аймактардагы министрлер өкмөттө болуп өткөн атайын жумушчу жыйында маалымдады. Министрлер кабинетинин башчысы суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча бардык процесстерди тездетүүнү жана келтирилген зыянды сапаттуу баалоону тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамабеков