Президенттин төрагалыгында Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү

Президенттин төрагалыгында Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү

Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Казакстандын 2026-2030-жылдардагы Улуттук коопсуздук стратегиясынын долбоору каралды. Документ келерки беш жылга болжолдонгон милдеттерди чечүүгө мамилени аныктоочу мамлекеттик пландоо системасынын негизги компоненти болууга багытталган. Стратегия ошондой эле конституциялык принциптерди коргоону камсыз кылууга, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган. Касым-Жомарт Токаев жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы Казакстандын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн ишенимдүү коргоону камсыз кылуучу мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүнүн жаңы этабын белгилей турганын баса белгиледи. Мамлекет башчысы улуттук кызыкчылыктарды коргоо боюнча милдеттерди сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын анын ичинде коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана жарандардын, айлана-чөйрөнүн, маалымат мейкиндигинин коопсуздугун жогорулатууну белгиледи. Мындан тышкары президент экономиканын, технологиянын жана билим берүүнүн суроо-талап жогору болгон тармактарына өлкөгө квалификациялуу чет элдик адистерди тартууга багытталган программаны иштеп чыгууну тездетүүнү тапшырды. Жыйындын жүрүшүндө учурдагы Стратегиянын ишинин жыйынтыктары да чыгарылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков