Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев NVIDIA жана Firebird AI компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар жасалма интеллект инфраструктурасын долбоорлоо, куруу жана иштетүү жаатындагы кызматташуу келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Казакстан жакынкы үч жылда толугу менен санариптик өлкөгө айланууну көздөп жатат. Бул жолдогу маанилүү кадам — NVIDIA технологияларынын негизинде суперкомпьютердик кластерлерди ишке киргизүү болмокчу. Бул өлкөнүн технологиялык суверенитетин бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Президент ошондой эле Экибастузда «Маалымат борборунун өрөөнү» стратегиялык долбоорун ишке ашыруу пландарын белгиледи. Долбоор инвесторлор үчүн арзан электр энергиясы, телекоммуникация жана салыктык жеңилдиктер менен камсыз кылынган кубаттуу эсептөө инфраструктурасын түзүүнү караштырат. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жасалма интеллект экосистемасын өнүктүрүүдө бирлешип иштөө мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү макулдашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

