Казакстанда АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясынын өкүлчүлүгү ачылышы ыктымал

Казакстанда АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясынын өкүлчүлүгү ачылышы ыктымал

Казакстанда АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясынын туруктуу өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Акордадагы жолугушууда айтылды. Мамлекет башчысы АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясынын аткаруучу мүдүрү Бен Блэкти кабыл алды. Казакстандын Президенти бул сапар Вашингтондо жетишилген макулдашуулардын уландысы, жана Америка Кошмо Штаттары менен көп кырдуу кызматташтыкты тереңдетүүгө карай маанилүү кадам болуп санала турганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Президент Дональд Трамптын администрациясы келгенден бери Вашингтондун Астана жана Борбор Азия аймагы менен өз ара аракеттенүүсү бир топ жанданып, бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй бекем болгонун баса билдирди. Ал эми АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясынын инвестициялык артыкчылыктары Казакстандын өнүгүү күн тартиби менен тыгыз байланышта. Мамлекет башчысы казак тараптын долбоорлорду конкреттүү ишке ашырууга даярдыгын ырастады. Өз кезегинде Бен Блэк Казакстандын ишкер чөйрөсү менен өткөн жолугушуулардын жемиштүү болгондугун айтты. Жолугушууда маанилүү минералдар, транспорттук байланыш, агро өнөржай комлпекси жана жасалма интеллект тармактарында өнөктөштүктүн келечегин талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков