Серепчилер каражатты доллар менен эмес, теңге менен чогултууга кеңеш берет

Серепчилер каражатты доллар менен эмес, теңге менен чогултууга кеңеш берет

Бул аптада улуттук валюта теңге бир аз бекемделе баштады. Экономисттердин айтымында, буга мунайдын баасынын өсүшү себеп болгон. Бренд фьючерстеринин баррелине 86 доллардан ашты. Эске сала кетсек, өткөн аптада Улуттук банк тобокелдиктерди азайтуу жана финансылык туруктуулукту сактоо максатында 240 миллион доллар өлчөмүндө валюталык интервенция жүргүзгөн. Серепчи Андрей Чеботарев өлкөнүн экономикасы мындай чарага абдан муктаж жана ал ийгиликтүү ишке ашканын айтат. Адис азыркы кырдаалда акчаны кантип башкаруу керектиги боюнча өз сунуштары менен бөлүштү. Белгилей кетсек, жакында Улуттук банк жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, бүгүнкү күндө казакстандыктардын 18%да гана жеке аманаттары бар.

Андрей Чеботарев, серепчи:

- Акчаны сактоо жагынан теңге депозиттери боюнча пайыздык чендер 14,9%га чейин өскөн. Бул абдан жагымдуу жана натыйжалуу болуп саналат. Казакстандыктар үчүн аманаттарын доллар менен сактоо мүнөздүү, бирок АКШ валютасы да инфляцияга дуушар болорун эске алуу керек. Анын көрсөткүчтөрү рекорд болуп саналат. Мисалы, эгерде сиз 2021-жылдын башында 100 доллар сатып алсаңыз, жылдын аягында 93 доллар гана калат. Менин кеңешим, жакын арада сизге керек болушу мүмкүн болгон акчаны улуттук валютада кармоо. Узак мөөнөттүү болсо – фонд рыногунда өтүмдүү активдерде, анын ичинде валюталык активдерге инвестициялаган жакшы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков