Казакстанда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 151 миллиард теңгеге 18 ири инвестициялык долбоор ишке кошулду. Жалпысынан өлкө экономикасы жогорку темп менен өсүп келүүдө. Алардын ичинен маалымат жана байланыш, курулуш жана транспорт тармактарынын ийгиликтери эбегейсиз. Металлургия жана унаа жасоо өнөр жайынын өсүшүнүн жогорку динамикасынын эсебинен кайра иштетүү өнөр жайынын темпи да жогорулады. Негизги көңүл экономиканы өнүктүрүү жолунда инфляцияны кыскартууга багытталган. Белгилей кетсек, өткөн жылга салыштырмалуу 8,4%га азайган. Бул ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүүнүн жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында мүмкүн болду. Ишкердик активдүүлүктү шыктандыруу жана агро өнөр жай комплексин модернизациялоо боюнча чаралар да экономиканын өсүшүнө шарт түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков