Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирди. Автоунааларды кураштыруу, курулуш материалдары жана химиялык өнүмдөр тармагында биргелешкен ишканалар түзүлүшү мүмкүн. Мындан ары кайра иштетүү жана даяр өнүмдү өндүрүү жолу менен металл кендерин иштетүү да интеграциянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Президент экспортчулардын рыногун кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биримдикти түзүүнүн негизги максаттарынын бири үчүнчү өлкөлөр менен эң натыйжалуу соода шарттарына жетишүү экенин эскертти. Бул үчүн, албетте, жалпы күчтөрдү тартуу зарыл. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Биримдиктин алдындагы байкоочу институтун өнүктүрүүнүн жана формалдаштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы аталган институтту инфраструктуралык чөйрөдөгү кызматташууга дыкат көңүл бурууга чакырып, келишимдердин жана долбоорлордун тиешелүү тизмесин кайра карап чыгууну сунуштады. Келерки жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлгөнүнө он жыл толот. Буга байланыштуу Касым-Жомарт Токаев уюмдун мааракелик жыйынын Астанада өткөрүүгө чакырды. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтер кабыл алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков