Дүйнөлүк банк: Казакстандын экономикасынын өсүү темпи оң

Дүйнөлүк банк: Казакстандын экономикасынын өсүү темпи оң

Дүйнөлүк банк Казакстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Алибек Куантыров менен Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар атаандаштык саясатын өркүндөтүү, каржы секторунун ишин жакшыртуу, агломерация жана адамдык капиталды өнүктүрүү жаңы мыйзамын даярдоо боюнча активдүү кызматташууну белгилешти.  Мындан тышкары, казак бөлүмүнүн башчысы Дүйнөлүк банктын адилет кызыкчылыгы, каржы жана институттар боюнча вице-президенти Индермит Гилл менен жолугушту. Ал дүйнөлүк терс тенденцияларга карабастан, Казакстанда экономикалык өсүштүн динамикасы оң аймакта  сакталып жатканын белгиледи.

 

Которгон: Назира Бегалиева