Борбор калаада KazAtomExpo эл аралык өзөктүк технологиялар көргөзмөсү өттү. Казакстанда курула турган Атомдук электр станциясынын келечегине токтолууга мүмкүнчүлүк берди. Эске салсак, өлкө 4 негизги талапкерди карап жатат. Франция, Түштүк Корея, Кытай жана Орусиянын компаниялары бул ишти колго алууга даяр. Ага карабастан Казакстан вендор компанияларга толугу менен байланып калуудан оолак. Республикада уран экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда тургандыктан, ата мекендик отун колдонулат. Бул негизги талап болуп саналат. Анын үстүнө курула турган атомдук электр станциясынын айрым тетиктерин Казакстандын ишканаларында чыгаруу пландалууда. Ошондуктан бул жаатта иштеген ата мекендик компаниялар катышып, келечектеги пландарды чогуу иштеп чыгышты.
Гумар Сергазин, Энергетика министрлиги атом энергетикасы жана өнөржай департаментинин мүдүрү:
– Бүгүнкү күндө эл арасында маалыматтык, үгүттөө иштери жүрүп жатат. Биздин максат – ар бир жаран компаниялар кандай технологияларды сунуштап жатканын өз көзү менен көрүүсү. Мындан тышкары, биз алардын бул компаниялардын тажрыйбасы жана реакторлордун моделдери менен таанышып көрүүсүн каалайбыз. Алар өз өлкөсүндө жана чет мамлекеттерде кандай долбоорлорду ишке ашырышканын компаниянын өкүлдөрүнөн өз кулагы менен уга алышат. Алардын баары заманбап 3+ технологиясын сунуштап жатат.
Казакстан бийлигинин аталган компанияларга койгон дагы бир талабы – казакстандык адистерди этап-этабы менен окутуу. Ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга милдеттендирилди. Республикадагы бир катар жогорку окуу жайлары да кадрлардын жетишсиздигин жоюуга катышууда.
Медеу Абишев, Аль-Фараби атындагы КАЗУУ теориялык жана өзөктүк физика кафедрасынын жетекчиси:
– Өткөн жылдан бери Ядролук физика институту менен биргеликте атомдук инженерия адистигин ачтык. Ал жердеги адистер инженерлер. Башкача айтканда, Атом электр станциясында иштей ала турган адамдар. Эгерде буга чейин илимий багыттагы физикага негизделген адистерди, илимий иш менен алектенген адамдарды эле даярдап келсек, азыр чыныгы инженердик иштерди аткарган адистер керек болот.
Белгилей кетсек, Атомдук электр станциясын куруу маселеси жалпы элдик референдумда каралат. Учурда өлкөнүн ар кайсы аймактарында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков