Мамлекет башчылары Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдө бул жааттагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун дарамети тууралуу сөз кылышты. Өткөн жылы өлкө коңшулаш республикага 2,5 миллион тонна буудай жана 375 миң тонна ун жеткирди. Мындан тышкары Казакстан картошка, арпа, сары май, жүгөрү, уй этин экспорттойт. Өз кезегинде Өзбекстандан транспорт жана текстиль товарлары импорттолот.
Бейбит Тамкулов, Казакстандын Өзбекстандагы элчиси:
- Өткөн жылы президент Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында жалпы суммасы 8 миллиард долларды түзгөн жаңы келишимдер түзүлгөн. Өнөр жай кооперациясын түзүү менен катар узак мөөнөттүү келишимдерге жетиштик. Энергетикалык инфраструктурага керектүү көмүрдүн негизги бөлүгү биздин өлкөдөн жеткирилет.
Казакстандык ишкерлер Өзбекстандын рыногуна олуттуу капитал сала баштады. Жакында эле коңшу өлкөдө үч ири биргелешкен долбоор ишке кирди. Ташкентте казакстандык компаниялардын бири турак жай комплексин кура баштаса, экинчиси транспорттук-логистикалык терминалдын пайдубалын түптөдү. Ал арада Науаида ички инвестициянын жардамы менен минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу башталды.
Нозим Хасанов, Борбордук Азия эл аралык институтунун башкы илимий кызматкери:
- Казакстан менен Өзбекстан суу тармагында байланыш түздү. Бул маселеге министрликтер өзгөчө көңүл бурушат. Трансчекаралык суу ресурстарын пайдалануу маселесине келгенде, биз көптөгөн ачык-айкын көйгөйлөрдүн чечилишин таптык. Бул багыттагы казак-өзбек кызматташтыгы чөлкөмдөгү башка өлкөлөр үчүн үлгү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков