Серепчилер Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга болгон расмий сапарынын жыйынтыгын талкуулоону улантууда. Алар бул иш-чара өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү үчүн чоң мааниге ээ экенин бир ооздон белгилешүүдө. Мамлекет башчысынын КЭРна сапары жана анын «Бир алкак, бир жол» эл аралык кызматташуунун III форумуна катышуусу тараптардын көп жактуу мамилелеринин жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдейт. Бүгүнкү күндө коңшу өлкө Казакстандын негизги соода өнөктөшү болуп саналат.
Жумабек Сарабеков, Биринчи
президент фонду алдындагы дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун
серепчиси:
- Кытай Казакстандын негизги
соода өнөктөштөрүнүн тизмесинде алдыңкы орунда турат. Ал эми тенденцияларды
жана божомолдорду эске алсак, Кытайдын экономикасы да өсүп, соода-сатык артат. Андыктан
эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык долбоор ар дайым чечүүчү ролду ойнойт. Муну
менен катар мааниси дагы жогорулайт. Ошондуктан, менин оюмча, мындай
жолугушуулар тараптардын жаңы деңгээлге чыгышына өбөлгө түзөт.
Серепчилердин айтымында, Кытайдын
өтө чоң “Бир алкак, бир жол” долбоору Казакстандын эле эмес, бүтүндөй аймактагы
транспорттук-логистикалык дараметтин өсүшүнө чоң түрткү берди.
Руслан Изимов, «Синопсис» Кытай
менен Орто Азияны изилдөө институтунун мүдүрү:
- Борбордук Азия дайыма Чыгыш
менен Батышты бириктирген континенттер аралык көпүрөнүн ролун ойноп келген.
Борбор Азия аркылуу мындай кургак коридорун куруу Кытайдын көп жылдык маанилүү
программаларынын бири болду. Бул программанын түзүлүү максаты да ушундай. Бир
алкак – бир жол концепциясы транспорттук, транзиттик, логистика,
инфраструктура, өзгөчө Казакстандын дараметин жогорулатууга жол ачты. Анын
үстүнө Казакстанга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Биринчиден, бул Европага тез
жетүүнүн бирден-бир мүмкүнчүлүгү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков