Казакстанда чийки зат эмес экспортту мамлекеттик колдоо 7 айда 200 млрд теңгеге көбөйүп, 400 млрд теңгеге жакындады. Президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөдө "бир терезе" принциби боюнча кызмат көрсөтүүчү экспорттук-насыя агенттик түзүлдү. Колдоо көрсөтүлө турган бардык долбоорлордун 70%дан ашыгы чакан жана орто бизнеске таандык. Бул учурда орточо жана жогорку кайра бөлүштүрүү өнүмдөрүнүн үлүшү 83%га жетүүдө. Тармак министрлигинин маалыматы боюнча, ата мекендик өнүмдү илгерилетүү үчүн чет элдик кеңселер ачылууда. Мындай соода мекемелери Кытай менен Өзбекстанда бар. Ошондой эле, эл аралык маркетплейстер менен да активдүү иш жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик демөөр тетиктерине жетүү үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүүдө.
Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:
- Соода тармагы тез өнүгүүдө, 2025-жылдын үчтүн айы-теке айларында анын өсүшү 8,6%ды түздү. Ал эми быйыл үчтүн айы-кулжа айларында тармакка инвестициялардын көлөмү 37%га көбөйүп, 430 млрд теңгеден ашты. Соодага 800 миңден ашык бизнес субъектиси тартылган. Алар бир жарым миллиондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

