Касым-Жомарт Токаев Алматыга болгон иш сапарынын алкагында үч автоунаа маркасын чыгарган автозаводун ишке кошту. Президентке долбоордун паспорту тааныштырылып, чакан чогултуу ыкмасы менен автоунаа чыгара турган болочок заводдун үлгүсү көрсөтүлдү. Заводду 2024-жылдын төртүнчү кварталында ачуу пландалууда. Анын өндүрүш аянты 100 000 чарчы метрден ашат. Үч автоунаа маркасынын ар бири үчүн ширетүү жана кураштыруу иштерине арналган жеке цех салынат. Завод ишке киргизилгенден кийин, анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 90 миңден ашык автоунаага жетет. Ал эми инвестициянын жалпы баасы 100 миллиард теңгеден ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков