Өкмөттө Президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, өлкөнүн өнөр жай дараметин ачуу, экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү, инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча иштерди күчөтүү. Бүгүн өкмөт президенттин кайрылуусунда айтылган Казакстанды өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын талкуулады. Премьер-министр тиешелүү мекемелерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Олжас Бектенов белгилегендей, мамлекет башчынын кайрылуусу өлкө жана коом үчүн стратегиялык багыт болуп саналат.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Биз кыска мөөнөттүү билдирүүнү гана эмес, конкреттүү милдеттерди, максаттарды жана индикаторлорду камтыган иш-аракеттердин так алгоритмин алабыз. Ар бир пункттун аткарылышы катуу көзөмөлгө алынат. Бул жерде жыйынтыктоочу натыйжа жана анын экономикага тийгизген таасири биринчи даражадагы мааниге ээ. Өкмөттүн туруктуу максаты – жарандардын кирешесинин деңгээлин жогорулатуу.  Бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, иш менен камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджетти сарамжалдуу бөлүштүрүү - экономикалык олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Казакстанда агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн алкагында айыл чарба жерлерин сарамжалдуу пайдаланууга көзөмөл күчөтүлөт. Муну жерди алуу боюнча комиссия көзөмөлдөп, анын ишмердүүлүгү реформаланат. Кошумчалай кетсек, келерки жылдан тарта дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүнүн көлөмү 800 миллиард теңгеге чейин көбөйтүлөт. Бул үчүн экинчи деңгээлдеги банктар тартылат. Ата Мекендик даяр өнүмдү тышкы рынокто сатууну стимулдаштыруу боюнча Өкмөт тарабынан өзүнчө чаралар каралмакчы.

Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орунбасары:

- Казакстан Республикасын 2029-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук планында аныкталган экспортко кызыгуусу жогору болгон өлкөлөрдүн рынокторуна басым жасоо менен, биринчи кезекте айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай өнүмдөрүн авиа ташууга багытталган экспортту шыктандыруунун жаңы ыкмасы киргизилүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков