Казакстан президенти Улытау облусунун акимине бир катар ташырма берди

Казакстан президенти Улытау облусунун акимине бир катар ташырма берди

Өткөн жылы Улытау облусуна 226 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылган. Алардын 89% жеке каржы. Жалпы наркы 940 млрд теңге инвестициялык пул түзүлдү. Быйыл жалпы баасы 138 миллиард теңгени түзгөн 17 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул жаатта курулуш, соода, логистика, энергиянын альтернативдүү булактары жана туризм тармактары тартымдуу деп таанылды. Облустун акими мамлекет башчысына аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана алдыдагы планы тууралуу маалымат берди. Дастан Рыспековдун айтымында, өткөн жылы турак-жайдын курулушу жанданып, аларды пайдаланууга берүү көрсөткүчү 30%га өскөн. Өндүрүштүн көлөмү 8%га артты. Президентке жылуулук берүү сезонунун жүрүшү жана «Таза Казакстан» экологиялык акциясын өткөрүү, ошондой эле зыяндуу өндүрүштөрдөгү жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Облус жетекчиси жакында «Казакмыс» кенинде болгон кырсыктан каза болгон шахтерлордун үй-бүлөлөрүнө кандай жардам көрсөтүп жатканын айтып берди.

Дастан Рыспеков, Улытау облусунун акими:

- Аймактагы ири жер казынасын пайдалануучулардын жана бизнестин социалдык жоопкерчилиги боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдадык. Мамлекет башчысы аймактын экономикасын ар тараптандырууга, калктын жашоо шартын жакшыртууга, транспорттук-логистикалык дараметти жогорулатууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков