Казакстан 2024-жылы БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө даярданууда

Казакстан 2024-жылы БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө даярданууда

Казакстан 2024-жылы БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү планын бекитти. Координациялык кеңештин 7-жыйынында өкмөт башчы мамлекеттик органдардан анын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоону талап кылды. Улуттук индикаторлорду текшерип, алардын айрымдарынын абалын кайра карап чыгуу зарылдыгы да белгиленди. Атап айтканда, иммундоо менен камтылган калктын үлүшү, парник газдарынын чыгындыларынын көлөмү боюнча жаңы көрсөткүчтөрдү киргизүү сунушталат. Бул Казакстандын ушу багыттагы ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Туруктуу өнүгүү максаттары индикаторлорун өлкөнүн Стратегиялык программалары менен документтерине кошуу көздөлүүдө. Алихан Смаилов алдыңкы эл аралык стандарттарды киргизүү калктын өмүр сүрүү сапатын арттырууга багытталганын белгиледи.