Серепчилер шайлоо тууралуу эмне дейт?

Серепчилер шайлоо тууралуу эмне дейт?

Талдоочулар жана саясат таануучулар, дипломаттар менен коомчулук өкүлдөрү Казакстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоону демократиялаштырууга карай маанилүү кадам катары баалашууда. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар Европанын саясий системасы тарабынан да колдоого алынууда. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди. Европа дипломатиялык миссиясынын өкүлү, Казакстан Европанын Борбор Азия аймагындагы маанилүү соода өнөктөшү бойдон кала берээрин белгиледи. Ал эми келечекте аймактын дүйнөдөгү ролу жана транзиттик дарамети дагы өсө бермекчи.

Жозеп Боррель, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү:

Биз Казакстандагы саясий процесстерге кылдат байкоо салып, жаңы өзгөрүүлөрдү кубаттайбыз. Алар өз жемишин берет деп ишенем. Биздин оюбузча, Казакстан саясий трансформацияда туура багытты тандап алды.

Серепчилер коомчулугу быйылкы жылдын башкы саясий окуясын Казакстандын саясий системасын жана негизги мамлекеттик институттарын кайра курууга жасалган кадам деп эсептешет. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун адиси Арман Токтушаковдун айтымында, президенттик шайлоо мамлекеттик түзүмдөрдүн жаңы жана демократиялуу жүзүнүн башталышын айгинелейт.. Саясий трансформациянын кийинки кадамы - келерки жылга белгиленген Парламент депутаттарын шайлоо.

Арман Токтушаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун адиси:

Парламент сыяктуу маанилүү саясий институт реформаларын түшүнүү абдан маанилүү. 2-3 жаңы саясий партиялар пайда болушу толук мүмкүн. Алар каттоо үчүн зарыл болгон бардык шарттардан өтүшү керек. Мунун натыйжалуулугу атаандаштык күчөгөн сайын жогорулайт. Атаандаштык өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ал канчалык бийик жана сапаттуу болсо, мамлекеттин демократияга жасаган кадамы ошончолук күчтүү болот. Эң негизгиси бул саясий реформалардын жөнөкөй жарандарга тийгизген таасири чоң. Анткени дал ушул саясий реформалар социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга жооп берет. Саясий система эффективдүү, ачык жана салмактуу болгон сайын казакстандыктардын жыргалчылыгы жогорулай бермекчи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков