Бүгүнкү шайлоо бийлик менен жарандык коомдун тыгыз кызматташуусуна жол ачат. Казакстандын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрүнүн кеңешчиси Аскар Нуршанын айтымында, элдин үнүн угууга мезгил жетти. Мындан ары калктын жыргалчылыгын жогорулатуучу социалдык маселелерге артыкчылык берилип, коомдук процесстерди оптималдаштырууга багытталган бейөкмөт уюмдардын ролу үстөмдүк кылат. Мунун баары шайланган Президенттин жоопкерчилигинде болууга тийиш. Анткени учурдагы элдин каалоосу дал ушундай.
Аскар Нурша, Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрүнүн кеңешчиси:
Бул шайлоонун жыйынтыгы боюнча бийлик жаңы сапатка алмашаарына күбө болобуз. Бизде бир нече талапкер бар. Алардын ар бири мамлекетти өнүктүрүү боюнча өз көз карашын билдирип, өз программасын көрсөтүштү. Бул шайлоодо коомчулук аял талапкерди башчы катары көрө алабы деген суроо пайда болот. Муну да саясий өнөктүк таанытат. Бизде ар кандай саясий жана социалдык тажрыйбасы бар коомдун түрдүү өкүлдөрү да жарышка кошулду. Өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн эң рационалдуу программаны сунуштаган талапкер гана жеңишке жетет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков