Акордада Вьетнам
Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы То Ламдын расмий
жолугушуу аземи болуп өттү. Ал мамлекеттик сапар менен өлкөгө келди.
Казакстан Президенти То Ламдын Астанага жасаган
алгачкы сапарын өлкөлөр ортосундагы бекем достуктун айкын ырастоосу деп атады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан республикасынын
президенти:
- Вьетнам
- Казакстандын Азиядагы маанилүү өнөктөшү. Биздин гүлдөп-өнүгүү жолундагы
умтулууларыбыз дал келет. Эки жыл мурда Вьетнамга болгон расмий сапарымдын
жүрүшүндө биз эки тараптуу кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүнү
макулдаштык. Эки элдин достук байланыштары мындан ары да бекемделет деп ишенем.
Биз ар дайым жалпы максаттарга жетүү жана биргелешкен милдеттерди чечүү үчүн
күч-аракет жумшоого даярбыз.
То Лам казак жериндеги меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип,
сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы Казакстан менен Вьетнамдын ортосундагы мамилелердин
горизонтун кеңейтет деген ишенимин билдирди.
То Лам, Вьетнам Коммунисттик партиясынын
Борбордук комитетинин Башкы катчысы:
- Биздин
делегация сиздин Вьетнамга болгон сапарыңыздан эки жыл өткөндөн кийин өлкөгө келүүнү
чечкени биздин мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын жигердүү өнүгүшүн,
ошондой эле өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Казакстан
Вьетнамдын Борбор Азиядагы биринчи стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.
Тараптардын кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрүнүн көңүл
чордонунда-өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү. Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы
товар жүгүртүү 860 миллион долларга жетти. Тараптар бул көрсөткүчтү жакынкы
келечекте 2 миллиардга жеткирүүнү көздөшүүдө. Туризм тармагында да чоң келечек
бар. Учурда Казакстан менен Вьетнамдын ортосунда визасыз режим иштеп жатат,
өлкөлөрдү 40тан ашык түз авиакаттамдар байланыштырып турат. Касым-Жомарт Токаев
Вьетнам жарандарын кызыктыра турган Казакстандын багыттарын изилдөөнү
сунуштады.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан республикасынын президенти:
- Азыркы
учурда Казакстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода-экономикалык жана
инвестициялык кызматташтык динамикалуу өнүгүүдө. Кыска убакыттын ичинде биз бир
катар ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырдык. Өз ара пайдалуу байланыштарды
мындан ары кеңейтүү үчүн бардык шарттар бар. Бул тарыхый сапардын жүрүшүндө
кол коюлган документтер казак-Вьетнам мамилелерин чыңдоого жаңы дем берет.
То Лам, Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин
Башкы катчысы:
- Вьетнам
менен Казакстан ондогон жылдар бою тыгыз мамилелерди сактап келишкен. 1959-жылы
баш оона айында биздин Президент Хо Ши Мин Казакстанга расмий иш сапары менен
барып, салттуу достукка жана көп жылдык кызматташтыкка бекем негиз салган.
Вьетнамдын партиясы жана эли Казакстандын өлкөбүзгө улуттук боштондук үчүн күрөштө
мурда, ошондой эле бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда көрсөткөн колдоосун ар
дайым баалашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Касым-Жомарт Токаев
жана То Лам Казакстан менен Вьетнамдын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү
орнотуу тууралуу
биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ошондой эле 8 документке кол коюлду. Алар
технология, инновация, маданият, спорт, юстиция, геологиялык чалгындоо
чөйрөлөрүндөгү кызматташууга тиешелүү. Казакстан Республикасынын Президентинин
телерадиокомпаниясы менен Вьетнам маалымат агенттигинин өз ара аракеттенүүсү тууралуу макулдашуу түзүлдү. Мындан тышкары, Кызылорда облусу менен Хын Йен
провинциясы боордош болушту. Касым-Жомарт Токаев То Ламаны
I – даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

