Президент «Улуттук фонд – балдарга» мыйзамына кол койду

Президент «Улуттук фонд – балдарга» мыйзамына кол койду

Касым-Жомарт Токаев «Улуттук фонддон балдарга акча төлөө жөнүндө» мыйзамга кол койду. Долбоор 2024-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Эми Улуттук фонддун жылдык кирешесинин 50% атайын эсепке түшүп турат. Эсептеги акчаны балдар жашы жеткенде гана ала алышат. Каражатты билим алууга жана турак-жай шарттарын жакшыртууга жумшоого болот. Ата-энелер баласынын эсебине түшкөн каржыны Бирдиктүү пенсия фондунан же eGov порталы аркылуу текшере алышат. Өлкөдө 7 миллионго жакын бала төлөмдөрдү алат деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков