Касым-Жомарт
Токаевдин БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарында
сүйлөгөн сөзү Нью-Йорктогу иш сапарынын негизги окуясы болду. Жогорку эл аралык
аянтчада сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын президенти адамзат болуп көрбөгөндөй
кыйынчылыктарга туш болуп, геосаясий конфликттердин жаңы этабынан өткөндүгүн маалымдады. Коркунучтун маңызы
эл аралык укуктун негизги принциптерин бузуу болуп саналат. Акыркысы БУУнун
Уставында бекитилген. Макулдашууга диалог жана конфликттерди дипломатиялык жол
менен чечүү аркылуу гана жетишүүгө болот. Бул платформалардын бири - Коопсуздук
Кеңеши. Бирок БУУнун бул органы реформаланып, мүмкүн болушунча өкүл болушу
керек, - деди Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Шанхай
Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасы катары Казакстан адилеттүү дүйнө жана
ынтымак үчүн глобалдык биримдик демилгесин көтөрдү. Сиздерди бул жакшы ишке
кошулууга чакырабыз. Бул жаңы коопсуздук парадигмасын, адилеттүү экономикалык
чөйрөнү жана таза планетаны камтыган демилге. Дүйнөлүк түштүк менен дүйнөлүк
түндүктүн ортосунда ачык диалогду түзүү анын негизги тиреги болуп саналат.
Мамлекет
башчысы дүйнөлүк экономикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өткөн жылы дүйнө калкынын 10%га жакыны ачарчылыкка туш болгон. Ошентип,
Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, өлкөлөр ортосунда азык-түлүк коопсуздугу
боюнча эркин маалымат алмашууну жандандыруу зарыл. Мындан тышкары, өндүрүштүн
көлөмү, товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча конкреттүү маалыматтарды
киргизүү зарыл. Ошол эле учурда Казакстан азык-түлүк менен камсыздоонун
аймактык түйүнү катары чыгууга даяр. Бул үчүн республикада ресурстар, инфраструктура
жана логистика бар. Ошону менен бирге президент климаттын өзгөрүү көйгөйүнө
көңүл буруп, дүйнө көмүртексиз келечекке умтулушу керектигин белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Биз
Казакстанда адилеттүү энергетикалык системага өтүү программасын ишке киргизүүнү
сунуштайбыз. Көмүрдөн этап-этабы менен, туруктуу жана социалдык жактан
жоопкерчиликтүү баш тартуу климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык максаттарына
жетишүүнү кыйла алдыга жылдырат. Казакстандын Алматыда Климаттын өзгөрүүсү жана
Борбордук Азия үчүн жашыл энергетика боюнча Долбоордук кеңсесин ачуу демилгеси мындай көйгөйлөрдү
чечүүгө салым кошо алат. 2026-жылы БУУнун алкагында Казакстанда аймактык Климат
саммитин өткөрүүнү пландап жатабыз.
Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев
өлкөдөгү саясий жана экономикалык системанын кайра жаралуусу тууралуу кыскача
маалымат берди. Президент аталган
реформалар акыйкаттык, теңдик, чынчылдык жана эркиндик
принциптерине негизделгенин кошумчалап
өттү. Касым-Жомарт Токаев сөзүн жыйынтыктап,
Казакстан жаркын, адилеттүү жана туруктуу дүйнөнү түзүү үчүн бардык өлкөлөр
менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков