Казакстан менен Франциянын өнүктүрүү агенттиги өнөктөштүктү кеңейтет

Казакстан менен Франциянын өнүктүрүү агенттиги өнөктөштүктү кеңейтет

Астанада Франциянын өнүктүрүү агенттигинин өкүлчүлүгү ачылды. Өткөн жылдын жетинин айында президент Касым-Жомарт Токаевдин Францияга мамлекеттик сапары учурунда тараптар өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшкан. Бул убакыттын ичинде Агенттик өлкөдөгү бир катар долбоорлорду каржылады. Алардын катарында-медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, чакан айыл чарба ишканаларын, аялдардын ишкердигин колдоо, ошондой эле Балхаш бассейнинин ресурстарын башкаруу планын иштеп чыгуу жана Аралды сактоо боюнча демилгелерге катышуу. Аларды ишке ашырууга 4 миллион евродон ашык каражат бөлүнгөн. Учурда француз агенттиги «Байтерек» холдинги жана анын өнүктүрүү институттары менен биргеликте жаңы долбоорлорду жана каржылоо механизмдерин иштеп чыгууда. Алар санариптештирүүнү жана жашыл өтүүнү колдоого багытталган. Агенттик белгилегендей, Казакстан аймактагы жашыл экономиканы өнүктүрүүдө негизги ролду ээлөө менен катар глобалдык климаттык саясаттын маанилүү оюнчусу боло алат.

Амели ОБЭР,  Борбордук жана Чыгыш Азия боюнча AFDнын аймактык мүдүрү:


- Казакстан, критикалык чийки материалдар жаатындагы ресурстарын эске алганда, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө да негизги оюнчу болуп саналат. Анткени, бул ресурстар жашыл өткөөл индустрияларды колдоодоо, энергетикада дагы, климаттын кеңири контекстинде дагы маанилүү ролду ойнойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков