Эл биздин ишибизден реалдуу натыйжаларды күтүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов жаңы өкмөттүн алгачкы жыйынында билдирди. Премьер-министр бүтүндөй өлкө үчүн оор мезгилде мамлекет башчысынын ишенимин актоо зарылдыгын белгиледи.
Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри:
- Биз, жаңы Өкмөт курамы, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга, экономикалык өсүштү кармап турууга жана пандемиядан чыгууга, террористтер менен бейбаштардын, өлкөнү талап-тоноолордун кесепетинен келтирилген ири жоготууларды калыбына келтирүүгө багытталган тапшырмаларын аткаруу жана Президенттин тапшырмаларын аткаруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшообуз керек. Бул өтө татаал жана масштабдуу милдет, мындай оор кырдаал эч бир Өкмөттүн алдында турган эмес.
Президент үч жуманын ичинде Өкмөттүн 2022-жылга карата иш планын даярдоону тапшырды. Алихан Смаилов программаны иштеп чыгуунун так мөөнөтүн атады.
Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри:
- Улуттук экономика министрлигине мамлекеттик органдар жана уюмдар менен биргеликте ушул жылдын үчтүн айынын 20на чейин программанын долбоорун иштеп чыгып, Өкмөткө киргизүүнү тапшырам. Мамлекеттик колдоо көрсөтүү ыкмаларын жана айрым өнүктүрүү институттарынын ишмердүүлүгүн түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу тапшырылды. Ошондуктан Улуттук экономика министрлигине мамлекеттик органдар жана Атамекен ишкерлер палатасы менен бирдикте чакан жана орто бизнести мамлекеттик колдоонун ачык-айкын механизмин тез арада иштеп чыгуу менен катар өнүктүрүү институттарынын ишинин натыйжалуулугун талдоону тапшырам.
Белгилей кетсек, бүгүнкү Өкмөт жыйынында Министрлер кабинети курамына жаңыдан кошулган министрлер ант беришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков