Казакстандын жана Азербайжандын президенттери бүгүн Акордада
сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ал жерде Илхам Алиевди тосуп алуу аземи болду. Эскерте
кетсек, азербайжандык лидер өлкөгө мамлекеттик сапар менен келди. Касым-Жомарт
Токаев менен Илхам Алиев эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү келечегин
талкуулашты. Кызыкчылык чөйрөсүндө - соода, инвестиция, агрардык тармак жана
албетте - транзиттик-транспорттук сектор.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Мен
үчүн сизди Казакстан Республикасына мамлекеттик сапар менен кабыл алуу чоң
сыймык жана кубаныч. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык
өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жагынан абдан
маанилүү окуя. Казакстан менен Азербайжан достук мамлекеттер гана эмес, боордош
элдер десем аша чаппайм.
Ошондуктан бул биз үчүн чоң артыкчылык.
Биз үчүн соода-экономикалык кызматташтыкты жана саясий өнөктөштүктү өнүктүрүү
кечиктирилгис, өтө маанилүү милдет болуп саналат.
Азербайжандын президенти казак-азербайжан мамилелеринин
бардык багыттар боюнча өсүп жатканын белгиледи. Илхам Алиев ошондой эле республикада
жүргүзүлүп жаткан реформалардын багытын колдой турганын билдирди.
Илхам Алиев, Азербайжандын Президенти:
- Бүгүн
Казакстан өнүгүүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп жатат. Сиз ишке ашырып жаткан
реформаларды биз чоң кызыгуу менен байкап, өлкөнү жаңылоо, анын дараметин чыңдоо
боюнча сиздин аракетиңизди
толугу менен колдойбуз. Биздин эки
тараптуу мамилелерге келсек, сиз алардын стратегиялык жана союздаштык мүнөзүн
белгиледиңиз. Биз бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү чыңдоого
багытталганбыз.
Касым-Жомарт Токаев менен Илхам Алиевге Кытайды жана Борбор Азия өлкөлөрүн Европа менен байланыштырган Ортоңку коридорду өнүктүрүү долбоору дагы сунушталды. Маршруттун өсүүсүнүн негизги кыймылдаткычы Кытайдан Азербайжанга ташуулардын көлөмүнүн өсүшү болуп саналат. Болжолдоолор боюнча, 5 жылдын ичинде бул багыттагы жүк агымы үч эсеге көбөйүшү мүмкүн. Ошондуктан жолдорду, темир жол тармактарын жана портторду модернизациялоо артыкчылыктуу милдет болушу керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Былтыр ал аркылуу жүк ташуу
көлөмү 62%га өсүп, 4,5 миллион тоннаны түздү. Ушул жылдын көрсөткүчтөрү да
үмүттөндүрөт: өсүү 2%ды түздү. Биз чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте
"тар жерлерди" синхрондуу түрдө жоюу, коридор боюнча бирдиктүү узак
мөөнөттүү тарифти белгилөө боюнча иш алып баруудабыз. Бул, албетте,
натыйжалуулукту жогорулатат, бүткүл маршрут боюнча үзгүлтүксүз жеткирүүнү
камсыздайт жана биз пландаштыргандай, жүк ташуу көлөмүн 10 миллион тоннага
жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Тараптар жакын арада эки тараптуу товар жүгүртүүнү эки эсеге
көбөйтүп, бир миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

