Элдин талабы ар дайым угулуп, өлкөнүн үмүтү акталат. Буга президент тарабынан колго алынган коомдун бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча жаңы комплекстүү реформалар кепил, дейт ата мекендик серепчи Ерик Батырханов. Анын айтымында, бай менен кедейдин ортосундагы ажырым чоң болбойт. Жакырчылык менен күрөшүү үчүн көпчүлүктүн кирешесин арттыруу программасы кабыл алынды. Президенттин бул демилгеси калктын экономикалык абалын олуттуу жакшыртууга өбөлгө боло алды дейт серепчи.
Ерик Батырханов, серепчи:
- Атап айтканда, биз Казакстан элине жардам көрсөтүү үчүн жаңы фонд түзүүнү колдойбуз. Эң негизгиси фонд Президенттик аппараттын же өкмөттүн карамагында болбойт, элдин кызыкчылыгына гана багытталат. Мугалимдерге арналган атайын программа абдан кубандырат. Президенттин Жаштар практикасы жана Биринчи жумуш орду долбоорлоруна катышуу мөөнөтүн көбөйтүү демилгеси абдан туура деп ойлойм. Өлкө башчысы калк карызга батып, банктар алдындагы милдеттенмесин аткара албай жатканын жакшы билет. Ошондуктан, ал жеке адамдардын насыялык банкроттугу боюнча мыйзамды иштеп чыгууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков