К. Токаев Улуттук банктын жылдык отчетун кабыл алды

К. Токаев Улуттук банктын жылдык отчетун кабыл алды

Бүгүн Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Улуттук банкынын былтыркы жылдык отчетун кабыл алды. Жыйында Улуттук фонддун ишмердиги, республикалык бюджеттин аткарылышы, акча-насыя саясаты, «банктар жана банк иши тууралуу» жаңы мыйзам долбоору, экономиканын реалдуу секторун насыялоо, ошондой эле Улуттук банктын алтын-валюта активдеринин абалы тууралуу маселелер талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков