Актау 2025-жылы түрк дүйнөсүнүн
маданий борбору болот. Мындай маанилүү чечим Азербайжандын Шуша шаарында өткөн
ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин 40-жыйынында кабыл алынды. Эл аралык уюмдун
Казакстандын өкүлчүлүгүнөн белгиленгендей, бул биринчи кезекте түрк дүйнөсүнүн
өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары да чыңдоого түрткү
берет. Жыл бою боордош өлкөлөр Казакстандын Каспий жээгине чогулуп, түрдүү
иш-чараларды өткөрүшөт. Мунун аркасында облустун туристтик дарамети жогорулайт.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү түрк дүйнөсүнүн маданий борборлору 2012-жылы Астана,
2017-жылы Ыйык Түркестан шаары болгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков