Жетинин айынын 10да Казакстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу келишими күчүнө кирет. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Казакстандын жарандары КЭРнын чек арасынан өткөн учурдан тартып 30 күнгө чейин, жалпысынан алты айдын ичинде 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Дал ушундай эле эрежелер кытайлыктарга да тиешелүү. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн жарандары туризм, дарылануу, эл аралык жеткирүү жана транзиттик максаттарда виза алуудан бошотулат. Адистердин айтымында, жаңы режим туристтердин агымын көбөйтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков