Казакстандын президенти үчтүн айындагы салттуу интервьюсунда 2025-жылга карата негизги саясий басымды аныктады. Бул тууралуу мамлекеттик кеңешчи Астанада өткөн Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун окумуштуулар кеңешинин кеңейтилген жыйынында билдирди. Ерлан Кариндин айтымында, КСИИ өлкөнүн башкы мээ борбору катары чет өлкөлүк аналитикалык түзүмдөр менен эл аралык өнөктөштүк байланыштарды түзүүдө негизги ролду ойнойт. Мындан тышкары, серепчи чөйрөдө да, жалпы коомчулук арасында да тышкы жана ички саясаттын максаттарын, милдеттерин түшүндүрүүдө институттун серепчилеринин орду маанилүү. Ерлан Карин КСИИнун ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясаттын серепчилик-аналитикалык коштоосундагы башкы ролуна көңүл бурду. Анын айтымында, атамекендик түзүм региондорду өнүктүрүү, экономикалык реформаларды мындан ары илгерилетүү, геосаясаттын глобалдык тенденцияларын талдоо жана башка актуалдуу жана талап кылынган багыттар боюнча сунуштарды иштеп чыгууга олуттуу салым кошууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

