Казакстан менен Италия ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү дымагы

Казакстан менен Италия ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү дымагы

Казакстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү дарамети Касым-Жомарт Токаев менен Серджо Маттарелланын Астанадагы өткөн жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчысы Италия делегациясына көңүл буруп, бул жолугушуу эки тарапты кызыктырган өз ара мамилелердин маанилүү аспектилерин жана келечегин кеңири талкуулоо үчүн оптималдуу мүмкүнчүлүк экенин айтты.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Эки мамлекет ар кандай чөйрөлөрдө тыгыз мамилелерди орнотушкан. Биздин рынокто чакан италиялык компания иштейт. Алардын катарлары артып келүүдө. Биздин маданий-гуманитардык байланыштарыбыз да ийгиликтүү өнүгүүдө. Ошондуктан өлкөлөрдүн ортосунда бекем кызматташтык орноду деп эсептейм.


Италия президентинин айтымында, бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы чыныгы достуктун көрүнүшү болуп саналат. Ошондой эле маектешүүнүн жүрүшүндө Серджо Маттарелла Касым-Жомарт Токаевге жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап, стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

Серджо Матарелла, Италия президенти:


- Биз бардык тармактарда, анын ичинде саясий, экономикалык, соода жана маданий тармактарда мыкты байланыштарды түздүк.


Бүгүнкү күндө Италия Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн арасында үчүнчү орунда турат. Ошондой эле, экономикага инвестиция салган эң ири беш инвестордун катарына кирет. Өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү болжол менен 20 миллиард долларга жакындаган. Казакстанда бизнес жүргүзгөн 250гө жакын италиялык компаниялар мунай жана газ, кайра жанма энергия, унаа жасоо жана айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков