Сенаттын спикери Павлодар облусунун тургундары менен АЭСтин курулушун талкуулады

Сенаттын спикери Павлодар облусунун тургундары менен АЭСтин курулушун талкуулады

АЭСтин курулушу үчүн элдик штабдын мүчөлөрү - Сенаттын спикери баштаган депутаттар, адистер жана коомдук ишмерлер Павлодар облусунда энергетиктер, металлургдар, серепчилик коомчулук жана активдүү жаштар менен жолугушту. Иш - чарада энергетика тармагындагы актуалдуу маселелер жана алдыдагы республикалык референдумга тиешелүү маселелер талкууланды. Маулен Ашимбаев өндүрүштүн инновацияларын кеңири жайылтуу өлкөнүн көмүртекти азайтууга жардам бериши керектигин баса белгиледи. Буга байланыштуу көмүр кычкыл газы аз бөлүнүп чыккан кубаттуулуктарда электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен республикадагы энергодефицит маселелерин натыйжалуу чечүү маанилүү. Жолугушуунун катышуучуларынын пикиринде, алдыда боло турган жалпы улуттук референдум Казакстандын өнүгүүсү үчүн маанилүү. Ал эми анын максаттарын жана милдеттерин ар тараптуу түшүндүрүү өзгөчө мааниге ээ.

Которгон: Илгиз Жамалбеков